Кыргызстанда сот тутумунун 15 объектиси курулууда, дагы тогуз имарат куруу пландалганТалас шаарында 5 миң орундуу «Талас-Арена» борбордук стадиону ачылдыБишкектен Шарм-эль-Шейхке учкан каттамдар келе жаткан кыш мезгилине токтотулдуАКШдан Кыргызстанга баңгизат ташууга шектелген жаран кармалып, өлкөгө алынып келиндиСадыр Жапаров: Талас облусунда 350 орундуу оорукана жана үч медициналык борбор курулатМСК кыйыр салыктар боюнча отчетту автоматтык текшерүү функциясын киргизди
Кыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 89%га жетти
06.04.2026 | 12:37
Кыргызстанда жазгы айыл чарба сезонуна жигердүү даярдык көрүү уланууда. Республика боюнча фермердик чарбалар оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү, мунун аркасында агротехникалардын жалпы даярдык деңгээли 89%га жетти.
Учурдагы маалыматтарга ылайык, өлкө фермерлеринин карамагында 95 миңден ашык ар кандай айыл чарба техникасы бар. Техникалык паркты негизинен төмөнкүлөр түзөт:
- 22 389 трактор;
- 15 467 тырмоо;
- 11 544 соко;
- 9 169 трактор чиркегичи;
- 3 468 сепкич;
- 2 023 тегиздегич (планировщик);
- 1 731 канал (арык) казгыч;
- 822 жер семирткич чачкыч.
Машиналардын жана агрегаттардын басымдуу бөлүгү жумушчу абалга келтирилди. Даярдыктын эң жогорку деңгээли жер семирткич чачкычтарда байкалууда — 92%.
Жабдуулардын калган категориялары боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- Сепкичтер: 90%га даяр.
- Тракторлор: талаа иштерине машиналардын 88%ы (бул дээрлик 19,7 миң бирдикти түзөт) даяр.
- Тырмоолор, канал казгычтар, тегиздегичтер жана чиркегичтер: даярдык деңгээли 88%ды түзөт.
- Соколор: расмий маалыматтарга караганда, 30%га даяр.
Жалпысынан өлкө боюнча жазгы талаа иштерине 8 миңден ашык айдоо агрегаты жана 3,5 миңден ашуун себүү машинасы катышууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом