Аксыда акушер-гинеколог кармалды — видео

Аксыда акушер-гинеколог кармалды — видео

Аксы районунун жалпы дарыгердик практика борборунун акушер-дарыгери төрөт учурундагы аялдардан системалуу түрдө акча каражатын талап кылып алып жаткан жеринен кармалды.

УКМКнын маалыматына караганда, Аксы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүндө калыптанган паракорчулук жана опузалап акча талап кылуу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына Д.С.М. аттуу жаран кайрылып, Аксы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу 1983-жылы туулган М.А.А. опузалап акча талап кылып жаткандыгына байланыштуу мыйзам чегинде чара көрүлүшүн суранган.

Тергөө иштеринин негизинде 2023-жылдын 2-феврал күнү М.А.А. өзүнүн иш бөлмөсүндө талап кылган акчаны алып жаткан учурунда кармалды.

Учурда аталган факт УКМК Жалал-Абад областынын башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилип, КР Кылмыш-Жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгы жарандарга опузалап пара алуу жана башка мыйзам бузуу фактылары боюнча (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 номерлери аркылуу кайрылууну эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>