Акыйкатчы институтунун Ысык-Көлдөгү кызматкерлери Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесиндеги психикалык ооруга чалдыккан бейтаптардан кабар алды. Бул тууралуу институттун маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка айтылгандай, аталган мекемеде 250 аял жашайт. Алардын ичинен 36 аялдын паспорту, экөөсүнүн өздүгүн тактаган документтери жок.
Айрым бейтаптардын мекемеге келгенине көп жыл болсо да, алардын кайдан, качан келгени, жашы канчада экени, аты-жөнү такталган эмес. Мисалы, 2013-жылдын 24-июнунда Чым-Коргондогу психоневрологиялык диспансерден белгисиз аял киши которулган. Аны мекеменин кызматкерлери “белгисиз тажик аял” деп атап коюшкан. Ал кайдан келгенин, өзүнүн аты-жөнүн, качан туулганын эстей албайт.
Мындан тышкары аталган мекемеде 69 жаштагы аял 20 жылдан бери жашап келет. Анын өзүнүн айтымында, Өзбекстанда туулуп, кийин ата-энеси менен Москвада жашап жүрүп, көп өтпөй Фрунзеге келишкен. Ал 14 жашында зордукталып, психологиялык трамвадан улам талма оорусуна чалдыгып калган.
Аталган стационардык мекеме учурда 11 адамга паспорт берүү иши жүрүп жатканын билдирген. Ал эми калган 25 адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болуп, калкты каттоо департаментине документтерин тапшыра албай жатышканы белгилүү болгон.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бейтаптардын укугун камсыздоо максатында тийиштүү мамлекеттик органдарга расмий каттарды жөнөткөн. Ошондой эле мамлекеттик органдарды психикалык ооруга чалдыккан адамдардын укугун коргоого чакырды.