Акыйкатчы институтунун кызматкерлери №21 тергөө абагында жаткан укук коргоочу Рита Карасартовадан жана башка аялдардан кабар алды. Бул тууралуу институттун маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, институттун кызматкерлери СИЗО-1дин аялдар кармалган корпусуна барышып, алардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүшкөн. Айрым аялдар ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдү жана медициналык жардамдын жетишсиз болуп жатканына нааразы болушкан. Мындан улам абактагыларга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү жактарга сунуштар берилген.
Ошондой эле институттун кызматкерлери укук коргоочу Рита Карасартова менен да жолугушуп маектешкен.
«Укук коргочу менен чогуу камерада дагы үч аял кармалып турат. Ал кармоо шарттарына жана мекеме кызматкерлеринин аракеттерине даттанган жок. Бирок, мурдагы камактагы мезгилинде саламаттыгына зыян келгени жөнүндө айтып, жакында эле операция болгонун жана учурда медициналык кароого муктаж экенин билдирди»,- деп айтылат маалыматта.