Акыйкатчы институту карылар үйүндө балага ыдык көргөзүлдү деген окуя боюнча маалымат берди

Акыйкатчы институту карылар үйүндө балага ыдык көргөзүлдү деген окуя боюнча маалымат берди

Акыйкатчы институту соцтармактарда балдар үйүнүн тарбиялануучусу карылар үйүнүн жашоочусу тарабынан ыдык көрдү делген маалымат боюнча билдирүү таратты.

Институттун кызматкерлери видеодо айтылган маалыматты текшерүү үчүн “Боорукерлик” жана “Лотоско” мекемелерге барган барган учурда, укук коргоо кызматкерлери да ал жерде иш алып барып жатышкан.

Институттун маалыматында, 2024-жылдын июнь айында Ош шаарындагы «Лотос» балдар үйүнүн чатырын катуу шамал учуруп кетип, имарат убактылуу жабылып калган. Мындан улам балдар Алай районунун Сопу-Коргон айылындагы фостердик үй-бүлөгө көчүрүлгөн.

Бирок кышында ал жакта шарт жок болгондугуна байланыштуу өткөн жылдын ноябрь айында балдар үйүнүн 9 тарбиялануучусун “Боорукердик” карылар үйүнө убактылуу алып келишкен. Ушул жылдын 28-мартында балдар карылар үйүнөн өзүнчө берилген имаратка көчүрүлгөн.

«Кызга ыдык көрсөтүүгө шектелип жаткан карыя “Боорукердик” үйүндө өткөн жылдын 22-август айынан бери жашайт. Үй-бүлөсү жана жашаган жери жок. Ал буга чейин соттолгон.
Белгилей кетчү жагдай, “Боорукердик” мекемесинин короосунда жайгашкан имаратта дагы бир балдар үйү бар. Анда 30га жакын жетим жана кароосуз калган балдар тарбияланат»,- деп билдирди аталган институт.

Акыйкатчы институту 2024-жылдын сентябрь-октябрь айларында өлкөдөгү балдар үйлөрүнө мониторинг жүргүзгөнүн, анда “Боорукердик” мекемесинде балдар менен чоң кишилердин чогуу жайгаштырылышына жол берилбеши керектигин тиешелүү мамлекеттик органдарга билдиргенин маалымдады.

Азыркы учурда аталган балдар үйүнүн тарбиялануучуларына байланыштуу маалымат текшерилип жатат. Бул иш боюнча атайын комиссия да түзүлгөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>