Жапаров өзүнүн кызыкчылыгы болгондо гана ак үйгө келет, — депутат

Жапаров өзүнүн кызыкчылыгы болгондо гана ак үйгө келет, — депутат

Акылбек Жапаров өзүнүн кызыкчылыгы болгондо гана ак үйгө келет. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы билдирди.

Анын айтымында, министрлер дайындалып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасы дагы парламентке келиши керек.

“Кечээ төраганы шайлар алдында Акылбек Үсөнбекович (Жапаров) Курманкул Зулушев болуп ак үйдө жүрүштү. Бүгүн төрт министрди шайлаганы келгенде же биздин суроолор болгондо, биз чакырганда такыр келишпейт. Мындан улам мен дагы Акылбек Усөнбековичтин келишин талап кылат элем”, — деди депутат.

Мындан тышкары, депутат Акылбек Түмөнбаев дагы жыйынга Министрлер кабинетинин башчысы өзү катышып, талапкерлерди тааныштыруу, аларга мүнөздөмө берүү, мурдагы министрлерге карата кылмыш иштери козголгонун боюнча түшүндүрмө бериши керектигин айтты.

Жогорку Кеңеш 4 министрдин талапкерлигин карап жатат. Алтынбек Максүтов маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри, Тилек Текебаев транспорт министри, Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министри, Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматына талапкер болууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>