Акылбек Жапаров жылуулуксуз, суусуз калган Майлуу-Сууга барды — сүрөт

Акылбек Жапаров жылуулуксуз, суусуз калган Майлуу-Сууга барды — сүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Жалал-Абад облусуна келип, дароо Майлуу-Суу шаарына барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, министрлер кабинетинин башчысы суу менен камсыздоодогу авариянын жагдайларын тыкыр иликтөөнү тапшырды.

Акылбек Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнү жана суу жылыткычтарды берүү үчүн үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүүнү тапшырды. Андан ары министрлер кабинетинин башчысы жылуулук жок батирлерди кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

«Жылуулук жана суу берүүнү тез арада калыбына келтирүү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз. Кошумча трансформаторлор орнотулуп, суу кезек менен ар бир үйгө жеткирилип жатат. Кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенип жатат жана дыкат иликтенет. Прокуратура органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөр жоопко тартылат», — деп баса белгилеген Акылбек Жапаров оңдоо иштерине бюджеттен 20 миллион сом бөлүнөрүн кошумчалады.

Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында катуу суукта бир нече күндөн бери жылуулуксуз жана суусуз калган тургундардын маселеси көтөрүлгөн.

Жыйында депутат Нуржигит Кадырбеков жашоочулардын жылуулук, суу үчүн төлөмүн эсептеп чыгып, кечүү керектигин билдирген.

Майлуу-Суунун эли 6 күндөн бери суусуз, жылуулуксуз отурат, — депутат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>