Акылбек Жапаровдун Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммиттинде сүйлөгөн сөзү

Акылбек Жапаровдун Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммиттинде сүйлөгөн сөзү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) өткөн Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммиттин (WGS) “Туруктуу өнүгүү максаттары аракетте» панелдик сессиясында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын сүйлөгөн сөзүнүн тексти: 

«Урматтуу Шейх Мохаммед бин Рашид Аль-Мактум мырза,

Урматтуу Мохаммед Абдулла Аль-Гергави мырза!

Урматтуу Делегация башчылары жана Саммиттин катышуучулары!

Ардактуу айымдар жана мырзалар!

Баарынан мурда Орто Азиянын чок ортосундагы тоолуу Кыргыз  Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Саммиттин бардык катышуучуларына жалындуу салам айтамын жана Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министри, Дубай шаарынын башкаруучусу улуу даражалуу Шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактум мырзага бизге жөнөткөн чакырууңузга жана өтө жылуу кабыл алууңузга өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем.

Ошондой эле бүгүнкү иш-чараны абдан мыкты даярдагандыгы үчүн Дүйнөлүк өкмөттүк саммиттин идеялык уюштуруучусу жана төрагасы анын Улуу Даражалуу Мохаммед бин Абдулла Аль-Гергави мырзага ыраазычылык билдирем.

Дүйнөлүк өкмөттүк Дубай саммити – бул түптөлүп калган бренд, мындайча айтканда, эгер мүмкүн болсо интеллектуалдык сапаттын белгиси деп баса белгилеп айтсак ашыкча болбос.

«Кырдаал дайыма өзгөрүүдө. Досубуз – душман, душманыбыз – дос болуп калышы мүмкүн. Жашоо туруксуз болуп, аба ырайы сыяктуу же маанайга жараша өзгөрүүдө. Бизге келе жаткан өзгөрүүлөргө баарыбыз даяр болушубуз керек». Бул – урматтуу шейх Заед бин Султан Аль Нахайянмырзанын белгилүү цитаталарынын бири. Бул сөздөр ар бир Дүйнөлүк өкмөттүк саммиттин урааны катары туруктуу учкул сөзгө айланышы керек.

Бүгүнкү күндө ал өзгөчө актуалдуу, айрыкча конфликттик аймактар, анын ичинде потенциалдуу зоналар көбөйгөн маалда өтө актуалдуу.

Барган сайын, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери ар кайсыжерлерде жана көбүнчө күтүлбөгөн формаларда көрүнүүдө, туруктуу деп эсептелип жаткан институттар жана байланыштар бузулуп, эски ой жүгүртүү формалары жаңы чакырыктарга туруштук бере албай келет.

Акыркы убакта окуялардын көптүгү ушунчалык жогору болгондуктан, биз аларды алдын ала болжолдоого же концептуалдаштырууга убактыбыз жетпей жатат. Дүйнөлүк өкмөттүк саммиттин алкагында жана анын аянтчаларындабиздин дискурстар ошончолук баарынан улам баалуу болууда.

Албетте, дүйнө түзүлүшүнүн системасы же анын өнүгүшүнүн индустриалдык фазасы өзүнүн салыштырмалуу туруктуу абалынтүгөттү.

Биз башка фазага өтүп жатабыз жана бул өтүү табигый түрдө масштабдуу экономикалык жана геосаясий кризистер менен коштолууда.

Дүйнө “солкулдоодо”. Энергетикалык глобалдуу кризис, кеңири жайылган инфляция сөздүн түз маанисинде рекорддорду басып жатат, дүйнөнүн экинчи экономикасы болгон Кытайэкономикасы басаңдоодо, аны менен катар АКШ менен Европанын өнүгүүсү жайлады – мунун баары көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн нерселер жана мындай кооптуу чакырыктардын тизмесин чексиз улантсам болот.

Көпчүлүк аналитиктер глобалдык рецессиянын жогорку ыктымалдыгын белгилеп, 2023-жылга анча жакшы эмесбожомолдорду берип жатышат.

Бул контексттен алганда келечектеги мүмкүн болгон сценарийлерди жана келечектеги өкмөттөрдү түзүү механизмдерин талкуулоо өзгөчө мааниге ээ болот. Себеби: ар кандай кризис, азыркыдай оор болсо дагы, сыноо гана эмес, ошол эле учурда жаңы мүмкүнчүлүктөр жана аны максималдуу пайдалануу баарыбыз үчүн маанилүү.

Урматтуу Саммиттин катышуучулары!

Өнүгүүнүн постиндустриалдык фазасына өтүү үчүн баарыбыз ар түрдүү негизги көрсөткүчтөр менен келдик.

Бирок келечекте эң аз жоготуулар менен ага ийгиликтүү өтүүнүн зарыл шарты болуп паритет деген нерсе эсептелет, ал – өлкөлөрдүн ортосундагы, жок дегенде региондун деңгээлиндегидисбаланстын максималдуу кыскарышы.

Ошол эле учурда, санариптик технологиялар күн сайын бизге “сюрприздерди” алып келип жатканын белгилегим келет.

Мен мамлекеттердин санариптик теңсиздигиндеги коркунучту ачык көрүп турам. Албетте, бул дисбаланс индустриалдык артта калуудан да өтө коркунучтуу.

Айрым өлкөлөр өз калкынын Интернетке кирүүсүн камсыз кыла албай жатса, ошол эле учурда башкалар Жасалма интеллекттин пайдасын автоунаалар үчүн автопилотторго, акылдуу үн жардамчылары катары активдүү колдонуп жатышканын көрүп жатабыз.

Мен баарыбыздын алдыбызга резонанстуу бир суроо койгумкелет: Чын эле жаңы технологиялар бул ажырымды көбөйтөбү?

Биздин аймак жөнүндө айта турган болсом, төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот.

Узакка созулган тынымдан кийин 2018-жылдан тартып Борбордук Азия интеграциялык жана кооперациялык долбоору жаңы контурларга ээ болуп, жаңы маани-мазмун менен толо баштады.

Борбордук Азиянын такыр башка деңгээлинде аймактык өз ара аракеттенүүсүз жаңы “нормалдуулукта” дүйнөлүк масштабдагы субъект болуу өтө кыйын болорун биз түшүнөбүз.

Мындан тышкары биздин регион бир бүтүн аймак катары глобалдуу тектоникалык өзгөрүүлөрдүн шарттарында улам экономикалык атаандаштыкка жөндөмдүү болуп чыгууда.

Баса белгилеп кетчү өтө маанилүү сөз – бүгүнкү күндө Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларында регион ичинде интеграцияны жана кооперацияны күчөтүүгө саясий эрктер бар жана ал – бул багыттагы бардык аракеттердин ийгилигинин чечүүчү шарттарынын бири.

Албетте, бизде дагы көп нерсени түшүнүп, кайрадан карап чыгып, макулдашып, компромисске келүүбүз керек, бирок Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүнүн лидерлеринин тилектештигине карасак, биздин негизги билдирүүбүз: өлкөнүн эгоизмин экинчи планга коюп, бири-бирибизге көбүрөөк таянып-карманышыбыз керек, анткени акыркы он жылдыкта биз билген глобалдуу дүйнө – локалдуулукка ажырайт деген болжолдорго бардык негиздер бар.

Бул ансыз да буга чейин эле ачык көрүнө баштаган – ири геосаясий оюнчулардын ортосундагы өзүнө таандык макроаймактарды түзүү үчүн ачык күрөштүн башталгандай эле.

Борбор Азия үчүн да ушундай долбоорлордун биринин татыктуу бөлүгү болуп, ага бирдей негизде кирүү үчүн бир бүтүн чөлкөм катары келечекке болгон жеке көз карашыбызды жаңыртуубуз зарыл.

Биз азыр мунун үстүндө аракеттенип жатабыз.

Айымдар жана мырзалар!

Акыркы убакта биз көрүп жаткан ачык тенденциялардын бири– дүйнөлүк экономикалардын глобалдашуусу.

Бардык экономикалар ички потенциалды жогорулатууга жана импорттун ордун алмаштырууга аракет кылып жатышат. Бул табигый нерсе, айрыкча пандемия мезгилиндеги локдаундарданулам глобалдык логистикалык чынжырлар бир эле учурда бүт аймактарда иштебей калганын көрдүк. Азыр өлкөлөр же бүтүндөй регионалдык байланыштар тездик темп менен аутенттүүлүккөумтулуп жатышат.

Дагы бир тенденция – билим берүү жана билим берүү моделдерин модернизациялоого мамлекеттик жана жеке инвестициялардын өсүшү, анткени ал билимдер экономикасы үчүн негиздердин бири катары саналат.

Арийне, бул логикага жатат, анткени кийинки постиндустриалдык фаза латын тилинен которгондо cognio –когнитивдик деп аталат, бул билимди, таанып-билүүнү, жаңы билимге ээ болуу жөндөмүн билдирет.

Акыркы айта турган тренд – “жашыл экономика” моделдерин колдонуу аймагын өнүктүрүү жана кеңейтүү тенденциясы.

Мен бул тенденцияларды жөн жерден бөлүп алган жокмун, анткени алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн артыкчылыктуу тренддер болуп саналат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан – чет элдик ишкерлердин рынокко чыгышы үчүн жагымдуу инвестициялык климатка ээ өлкө экендиги талашсыз.

Либералдык инвестициялык режим жана минималдуу административдик тоскоолдуктары бар тышкы соода саясаты, ачык жана ишенимдүү бизнес чөйрөсү – инвесторлордун мүлкүн коргоонун жакшы иштелип чыккан механизмдери. Бул шарттардын баарын биз потенциалдуу өнөктөштөрүбүзгө сунуштап келебиз.

Мындан тышкары, өлкөнүн жаңы финансылык стратегиясы учурда активдүү өнүгүү баскычында турат, ал рационалдуулук жана максатка ылайыктуулук принциптерине, ошондой эле башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга негизделген.

Жаңы стратегия – “Кыргызстан – аймактык бизнес – оазис” деген пилоттук аталыштагы амбициялуу улуттук программанын өзөгүн түзөт.

Программанын башкы максаты – өлкөдө максималдуу жагымдуу инвестициялык климатты түзүү.

Программаны ишке ашыруунун алкагында инвестицияларды коргоого, капиталдын эркин жылышына, чарбакер талаш-тартыштарды күч менен чечүүгө тыюу салууга, каттоо жана лицензиялоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун пакетин демилгелөө пландаштырылууда.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Инвестициялык Кодекси иштелип жатат, анда инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү боюнча бардык жоболор айкалыштыралат.

Улуттук долбоорлордогу масштабдуу инвестициялар “стратегиялык инвестор” режиминде өздөштүрүлөт жана коргоонун кошумча чаралары менен камсыздалат. Улуттук долбоорлорго мамлекет тарабынан баалуу кагаздарды чыгаруу пландалууда.

Урматтуу Саммиттин катышуучулары,

Дүйнө буга чейин да фазалык өтүүлөрдү башынан кечирген. Бул тарыхый ретроспективада өтө сейрек кездешүүчү кубулуш болгонуна карабастан.

Тагыраак айтканда, бүгүн биз адамзаттын бүтүндөй тарыхындагы үчүнчү фазага өтүү менен гана алектенип жатабыз.

Бирок биздин илгерки ата-бабаларыбыздан айырмаланып, бизде кандайдыр бир ырааттуулук бар. Ал фазалык өтүүлөрдүн негизги мыйзамдары жөнүндө жана постиндустриалдык жетишкендик кандай багыттар боюнча жүрөрү жөнүндө айтууга өбөлгө түзөт.

Биринчи кезекте, бул, албетте, маалыматтык технологиялар.

Күн сайын мен жасалма интеллект, криптовалюта жана мета-ааламдары тууралуу жаңылыктарды окуйм, алар жаңы реалдуулукту жаратууда жана, тилекке каршыбы же бактыга жарашабы, биз аларга ыңгайланышыбыз керек.

Эң кызыктуусу, бул жетишкендиктер – секириктер ири технологиялык компаниялар тарабынан жасалат.

Тарыхый жактан алганда, өкмөттөр аларды эл аралык мамилелердин субъекттери катары тааныбай келген, ал эми учурда алардын бизди таануусуна жете албай жатканыбыз ирониялуу.

Жасалма интеллект рутина милдеттерин алмаштырат деп божомолдогонбуз, бирок таң калычтуусу ал креативдүүлүктү четке чыгарып жатат. Ал арада биз билген Chat GPT өзү муну четке кагууда! Кимге ишенебиз?

Санариптик валюта, банк тутумунун ордун басып алуу коркунучун туудурууда. Жаңы монетардык реалдуулук – бул жаңы санариптик реалдуулук! Буга сонун мисал: бул жерде – Дубайда криптовалютага мыйзамдуу түрдө кыймылсыз мүлк сатып алса болот.

Кыязы, секириктер – таанып-билүү, окутуу, ден соолук, убакыт, жаңы бизнес-моделдер жана коомдук мамилелерди башкаруу үчүн жаңы жаңы технологиялардын пайда болушуменен жүрөт.

Жана, албетте, негизги индустриалдык технологиялардын «башка өмүрү» – транспорттун жана энергетиканын.

Дагы бир багыт – бул идеялык секирик. Мында бизди эки процесс күтүп турарын божомолдой алам: толеранттуулуктун эң жогорку деңгээлине байланышкан жаңы идеологиялардын жаралашы, бул анын алып жүрүүчүлөрүнө жеке иденттүүлүгүн жоготпостон ар кандай чөйрөлөрдө жашоого өбөлгө түзөт жана көнүмүш салттуу идеологиялардын – коммунизмдин жана либерализмдин кайрадан жаралуусу, же алардын экинчи деми.

Социалдык секирик. Изилдөөчүлөр жакында жаңы социалдык мамилелердин жана жаңы социалдык топтордун пайда болушун күтүшүбүз керектигин айтып келишет.

Алар кандай болорун болжолдоого гана болот, бирок жаңы социалдык класстар салттуу түрдө өндүрүш каражаттарына болгон мамилеге негизделери толук ыктымал.

Булар менен бирге башкаруудагы секирик. Мурунку өткөөлдөрдүн тажрыйбасы боюнча, жаңы башкаруу тутумдары технологиялык, идеялык жана социалдык секириктерге жооп катары пайда болгонун айтууга болот.

Балким, бул жолу дагы ошондой болот. Бирок жаңы дүйнөдө тармактык уюшкандуулуктар – биригүүлөр чоң ролду ойной турганы ачык-айкын.

Урматтуу Саммиттин катышуучулары!

Фазалык өтүү мага майда-чүйдөсүнө чейин изилденген жана өздөштүрүлгөн өткөн чак менен али белгисиз келечектин кагылышуусу катары көрүнөт.

Жана кээ бир өкмөттөрдүн жана системалардын деңгээлинде өткөндү реанимациялоого, ага дем берүүгө, ага кайтып келүүгө аракет жасашы мүмкүн экенин психологиялык жактан түшүндүрүүгө болот, анткени ар кимге өзүнө кымбат болгон жана өзүн жакшы сезген нерсе менен ажырашуу кыйын.

Биздин күнүмдүк жашообуздан мисал келтирсем.

Кыргыздарда «жыртыш» деген илгертеден калган каада-салт бар, ал, менин көз карашым боюнча, эскиден жаңыга өтүүгө болгон оптималдуу ыкманы көрсөтөт. Анда каза болгон кадыр-барктуу беделдүү адамдын кийимин чарчы бөлүктөргө бөлүп кесип, аялдарга таркатылып берилген. Аялдар аны курак курап, кийим-кечек, жууркан-төшөк тиккенге колдонушкан.

Бул мисал аркылуу мен жөн гана, өзүнүн каада-салттарын, үрп-адаттарын миңдеген жылдар аркылуу алып өтүп, жаңы нерселерге үйрөнө билүү жөндөмүн сактап калган биздин көчмөн калктын прагматикалуу эпчилдигин белгилегим келди.

Мындан улам, маркумдун бүтүндөй өмүрү бою чогулган кутукурак стилинде тигилген жаңы буюм-тайымдар аркылуу мүмкүн болушунча көп сандагы адамдарга өткөрүп берилип, өз уруусунда сакталып калган. Мындай куралган жууркан ар дайым уникалдуу. Анда кутту алып жүргөн кездеменин эски курагы да бар, ошол эле учурда өзгөчө энергияга толушу керек болгон жаңы курактар да бар.

Урматтуу Саммиттин катышуучулары,

Айымдар жана мырзалар,

Сөзүмдүн аягында кыска убакыттын ичинде жалаң кумдун үстүнө биз суктануудан тажабай турган, өтө кооз оазис шаарын курган урматтуу Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти, Дубайдын башкаруучусу, Улуу Даражалуу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактум мырзанын сөзүн келтиргим келет: «Биз ар дайым эпчил, реалист жана оптимист болушубуз керек».

Муну менен келишпей коюуга мүмкүн эмес.

Баарыбызга кызыктуу пикир алмашууларды жана ишибиздин жемиштүү болушун каалайм. Саммиттин уюштуруучуларына биринчиден – чакырганы үчүн, экинчиден – уюштуруу иштеринин жогорку деңгээлде болгондугу үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирем».

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>