Акыркы суткада COVID-19 илдети 88 адамдан аныкталды. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 75 бейтап амбулатордук шартта дарыланып жатса, 13ү ооруканага жаткырылды.
Алардын ичинен:
— 72 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан;
— 2 адамда өлкөдөн учууга байланыштуу ПЧР-тест тапшырууда аныкталган;
— 8 учур чет өлкөдөн келгендерден аныкталган (Корея, Литва, Венгрия);
— 6 учур оорулуу менен байланышта болгон адамдардан аныкталган.