Үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурлардын өсүп жаткандыгы өкүнүчтүү. Бул тууралуу кечээ, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин жыйынында айтылды.
Жыйында “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү каралды.
Бул мыйзам долбоору 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ченемдерине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.
Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевдин маалыматында:
“Үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурлардын өсүп жаткандыгы өкүнүчтүү. Алсак, үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча ички иштер органдары тарабынан берилген коргоо ордерлеринин саны 2012-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта 2 миң 415тен 7 миң 114кө чейин өсүп жеткен”.