Чүйдүн Новопокровка айылында 100 орундуу төрөт үйү ачылат«Тазалык» ишканасы Бишкектин көчөлөрүн жууп-тазалоодоКыргызстан Орусияга сабиз экспорттоону көбөйтүүдөАлтын сатабыз деп чакырып, тоноого аракет кылышкан. Чүйдө үч жаран кармалдыАЭС боюнча сүйлөшүүлөр «шашпай жүрүүдө». «Росатомдун» жетекчиси Кыргызстандагы пландар тууралуу эмнелерди айтты?Өспүрүмдөр көзөмөлсүз жабык кабиналарда калууда: Бишкекте «Антикино» жайларында рейд өткөрүлдү
Акыркы үмүт. Наталья Наговыцинадан кабар алуу үчүн дрон учурулат
25.08.2025 | 17:40

“Жеңиш” чокусунда калган россиялык альпинист Наталья Наговицынадан кабар алуу үчүн бүгүн дрон учурулат. Бул тууралуу ЖМКлар ӨКМге таянуу менен жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, буга чейинки издөө-куткаруу аракеттери начар аба ырайына байланыштуу үзгүлтүккө учураган. Азыр аба ырайынын жакшырышы дрон аркылуу байланыш түзүп, кырдаалды баалоого шарт түздү.
Эгер альпинисттин тирүү экени такталса, аны сактап калуу боюнча чаралар көрүлөт.
Эске салсак, Наговицына 12-августта 7 200 метр бийиктиктеги “Жеңиш” чокусунда бутун сындырып алып, калып калган. Жакын жерден анын шериги болгон италиялык альпинисттин сөөгү да табылган. Адистер катаал аба ырайын байланыштуу аны алып чыгуу мүмкүн эместигин мурда билдиришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар