Акысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады

12.03.2026 | 16:16

Март айынан тарта Ош облусунун Араван районунда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс жергиликтүү тургундарга акысыз медициналык кызмат көрсөтө баштады. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, аталган комплекс үч ай бою иш алып барат, андан соң Нарын облусунун Кочкор районуна жөнөтүлөт.

Бул долбоор 147 миңге жакын калкы бар Араван районунун тургундарына жашаган жеринен чыкпай эле медициналык текшерүүдөн өтүүгө жана адистердин кеңешин алууга мүмкүндүк берет. Мобилдик комплекс заманбап медициналык жабдуулар, анын ичинде лаборатория, компьютердик томограф, маммограф, рентген аппараты жана гастроскоп менен камсыздалган. Ошондой эле курамында мобилдик скрининг борбору, тез медициналык жардам унаасы жана бейтаптарды ташуу үчүн микроавтобустар бар.

Бул иш-чара Кыргызстандын өкмөтү, Ислам өнүктүрүү банкы жана «Фаель Хаир» кайрымдуулук фондунун ортосундагы беш жылдык келишимдин алкагында ишке ашырылууда. Долбоор 2021-жылдын ноябрь айынан бери иштеп келет. Анын оператору – «Normeca Health Management» компаниясы.

2025-жылдын аталган мобилдик клиника 33 миң 843 тургунду текшерүүдөн өткөргөн. Бейтаптарды үй-бүлөлүк дарыгерлер жана гинеколог, офтальмолог, ЛОР, невролог, кардиолог, стоматолог сыяктуу тармактык адистер кабыл алышкан.

Scroll to Top