Акыйкатчы институту №27 абакта соттолгондор үчүн орундар жетишсиз экенин билдирди. ЖАМК мунун четке какты

18.03.2026 | 15:43

Акыйкатчы институту Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №27 мекемесинде текшерүү жүргүзүп, анда бир катар мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди. ЖАМК буга расмий жооп берди.

Институттун маалыматына ылайык, учурда аталган абакта 1 миң 102 жаран жаза өтөп жатат. Текшерүүдө абактын ашыкча толуп кеткендиги, мыйзамдагы «бир соттолгонго 2 чарчы метр аянт туура келиши керек» деген талап сакталбагандыгы аынкталган. Акыйкатчынын эсеби боюнча, аталган мекемеде бир адамга орточо 1,6 чарчы метр туура келет.

Мындан улам Акыйкатчы институту абактын аянтын мыйзамга ылайык кеңейтүү зарылдыгын белгилеп, ЖАМКка сунуш жөнөткөн.

Ушундай кийин ЖАМК Акыйкатчы институтуна жооп берип, мекемеде Жазык-аткаруу кодексинин нормалары толук сакталганын жана соттолгондор үчүн орундар жетиштүү экенин билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, №27 колониянын жалпы аянты 7,27 гектарды түзүп, сыйымдуулугу 1 200 орунга ылайыкталган. Учурда анда 1 101 соттолгон адам бар, бул белгиленген лимиттин чегинде. Ошондой эле ар бир соттолгон адамга 2 чарчы метрден кем эмес, ал эми камералык типтеги жайларда 2,5 чарчы метр аянт берилген.

Мындан тышкары мекеме абакта соттолгондор үчүн атайын обочолонгон имараттар, реабилитациялык борбор бар экени, жарандар үч маал ысык тамак жана төшөнчү-орун менен камсыздалгандыгын билдирди.

Scroll to Top