Чүйдө салмак-габариттик көзөмөл бекеттеринин кызматкерлери пара алууга шектелип кармалыштыКыргызстан менен БАЭ айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты талкуулаштыДастан Бекешев күч түзүмдөрүнө карата даттанууларды текшере турган көз карандысыз орган түзүүгө чакырдыӨзгөндө жолду сапатсыз салган ишканага 200 миң сом айып пул салындыДепутаттар төлгө ачкандарга жана диплому жок психологиялык кызмат көрсөткөндөргө айып салууну сунушташтыБалыкчыдан 28 чакырым алыстыкта күчү 3 баллга жакын жер титиреди
Жогорку Кеңештин агрардык комитетинин төрагалыгына Кубанычбек Самаковдун талапкерлиги каралат
18.03.2026 | 16:11
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин төрагасы кызматына талапкер болуп көрсөтүлдү. Бул кызматты буга чейин Бакыт Тентишев ээлеп келген.
Белгилей кетсек, Самаков бул кызматка жалгыз талапкер. Акыркы чечим бүгүн депутаттардын жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен кабыл алынат.
Учурда Самаков конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитеттин төрагасынын орун басары.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Жогорку Кенеш