Ала-Арча суусуна агып кеткен адамдын сөөгү табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
ӨКМдин маалыматына карганда, 25 жаштагы адам 14-июлда Байтик айылындагы Ала-Арча суусуна агып кеткен.
Аны издөөгө бүгүн, 15-июлда 20 куткаруучу тартылып, саат 11:46да маркумдун жансыз денеси суудан табылган.