Кыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттүКыргызстанга америкалык «Boeing» учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралуудаАКШ Борбор Азияга ким менен кызматташуу керектигин таңуулабайт — РубиоБоом капчыгайында таш түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жарым-жартылай жабылат«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтардыКорей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атады
Таласта баасы 30 млн сомдук мунай база мамлекетке кайтарылды
07.07.2025 | 16:53

Талас облусунун Айтматов районундагы өндүрүштүк имараттар жана резервуарлар камтыган мунай базасы 1,62 га жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө аталган объект мыйзам бузуу менен менчиктештирилгендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде, баасы 30 млн сом болгон бул объекттеги бардык мүлкү жана жер тилкеси менен кошо мамлекеттик менчикке кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар