Ала-Бука жана Токтогул райондорунун аймагында өскөн 13 тоннадан ашык жапайы кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.
“Паутина” рейдинин алкагында Ала-Бука районунан 3 гектар аянтта жапайы өскөн кара куурай чабылып, 1 тоннадан кара куурай өрттөлгөн. Ал эми Токтогул районунун аймагындагы 19 гектар жерде өскөн 12 тоннадан ашык кара куурай чабылып, өрттөө жолу менен жок кылынган.
Бул профилактикалык иш-чарага жергиликтүү тургундар, милициянын жана айыл өкмөттүн кызматкерлери катышкан.
Буга чейин Тогуз-Торо жана Аксы райондорунан 10 гектарга жакын аянттагы 3,5 тонна жапайы кара куурайлар жок кылынган.