Жалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алды
Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык концерт өтөт
28.08.2025 | 15:41

Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык концерт өтөт. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Иш-чара 31-август күнү саат 18:00дө башталат.
Концертте шаар тургундарын жана конокторун чыгармачыл жамааттардын программалары күтөт. Ошондой эле Иса Өмүркулов, Азат Раимбердиев, Бек Исраилов, Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева, Jax, Фриман, Бегиш, Малика Дина жана башка эстрада жылдыздарынын жагымдуу чыгармалары тартууланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы