Телефонун блоктон чыгарып берем деп алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыМанас районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү тогуз айда 396 млрд сомдон аштыОрусия, АКШ жана Украинанын сүйлөшүүлөрү 10–11-ноябрда Абу-Дабиде өтөт — УиткоффЧүйдө салмак-габариттик көзөмөл бекеттеринин кызматкерлери пара алууга шектелип кармалыштыКыргызстан менен БАЭ айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты талкуулаштыДастан Бекешев күч түзүмдөрүнө карата даттанууларды текшере турган көз карандысыз орган түзүүгө чакырды
Бишкекке Asman Airlines компаниясынын үчүнчү учагы келет
28.08.2025 | 15:36

Жакынкы күндөрү Asman Airlines авиакомпаниясынын үчүнчү учагы Кыргызстанга алып келинет. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» компаниясы кабарлады.
Кыргызстан ички каттамдарды өнүктүрүү үчүн Bombardier Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү төрт учак сатып алуу чечимин кабыл алган. Алардын биринчиси 2024-жылдын 6-сентябрында Бишкекке конгон, экинчиси болсо ошол эле жылдын 29-октябрында келген.
Канадада чыгарылган бул аба кемелери кыска аралыкка учууга ылайыкташкан жана 80 жүргүнчүнү ташый алат.
Рубрики: Жаңылыктар