Алайкууда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин турак үйлөрдү сел каптады

Алайкууда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин турак үйлөрдү сел каптады

31-июлда жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүндөгү бир нече үйдүн короолорун кыян каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Саат 19:30 чамасында кокту колоттон келген суу Күйөө-Таш айылындагы 6 турак үйдүн короолорун, Көө-Чаты айылындагы 10 турак үйдүн короолорун каптаган.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана жарандык коргонуу комиссиясынын кызматкерлери тартылган.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромет сел жүрүү коркунучу тууралуу шашылыш эскертүү таркаткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>