Салык кызматкерлери курал алып жүрүшү мүмкүн — жаңы башкармалык түзүү сунушталдыЖапониялык ишкана Кыргызстандагы мектепте өзүнүн STEM долбоорун сынайтЧынарбек Изабеков ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону болдуДанияр Амангелдиев ЕБдин санкциялар боюнча атайын өкүлү менен сүйлөштүБалдарга арналган «Манас, Семетей, Сейтек» китеби жарык көрдүКММАнын окутуучусу 150 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды
Туунун үстүнө олтурган балбан Токтомамбетов сынга кабылды (видео)
01.07.2024 | 21:15
Балбан Орозбек Токтомамбетов Иорданияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль утуп, жеңишин майрамдоо учурунда мамлекеттик тууну жерге жайып, үстүнө олтурган. Анын видеосу социалдык тармакка жарыяланды.
Спортчунун бул кадамы интернетте сынга алынып, нараазычылыктар жазылууда.
Айрымдар балбан туунун үстүнө олтуруп намаз окуп, исламга дагы көлөкө түшүрүп жатканын айтышты.
Белгилей кетсек, аталган чемпионат 30-июнда аяктап, Орозбек Токтомамбетов 70 кгдан ашык салмакта Азиянын үч жолку жеңүүчүсү болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим