Аламүдүндө айыл башчы 350 миң сом пара менен кармалды — видео
3.02.2020 10:34
Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы 350 миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирет.
Маалым болгондой, шектүү ишкерден кум-шагыл карьери боюнча ижара келишимин бузбоо үчүн 400 миң сом талап кылган. Ал 30-январда пара алып жаткан учурда колго түшүп, соттун чечими менен №1 абакка киргизилген.
Учурда бул факты боюнча Жазык-кодексинин 326-беренеси (“Пара талап кылуу”) менен сотко чейинки тергөө иши башталган.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.