Чүй облусунун Аламүдүн районунда 26 жаштагы аял сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-август күнү Теплые Ключи эс алуу жайында 26 жаштагы аял Аламүдүн суусуна түшүп кеткен. Аны издөөгө ӨКМдан 37 куткаруучу тартылып, бирок издөө иштеринен натыйжа чыккан эмес.
Бүгүн, 18-августта да издөө иштери улантылат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай кырсыктардан алыс болуу үчүн жарандарды этият болууга чакырат.