Кыргызстанда халал продукциясын өндүрүүдөгү эреже бузуулар үчүн айып пул киргизилетБишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 1-орунду ээледиКыргызстанда «Сынган кылыч» жана «Ажар» тарыхый тасмалары тартылатБакыт Төрөбаев жана ЭВФтин өкүлү эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулаштыКыргызстандын аймактарында бензин менен дизелдин баасы кандай айырмаланууда?«Мындан ары ээнбаштык болбойт» — Камчыбек Ташиев бардык күрөөканаларды текшерүүнү талап кылды
Аламүдүн районунда түндө кызды тоноп кеткен жаран колго түштү
30.05.2022 | 10:43
Аламүдүн районунда тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын май айында Аламүдүн РИИБге 2003-жылы туулган Н.Г. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 2022-жылдын 23-май күнү саат 23:00 чамасында белгисиз адам күч колдонуп, анын телефонун тартып алып, качып кеткенин айтып, чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, 1999-жылы туулган А.А. кармалган.
Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде катталган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилип, териштирүүлөр уланууда.
