Чүй облусунун Аламүдүн районунда жалпы аянты 307 гектарды түзгөн жер тилкелери мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, мурда аталган жерлердин ээлери Ленин атындагы мамлекеттик айыл чарба заводунун жумушчулары болушкан. Алар президенттин 1994-жылдын 22-февралындагы «Кыргыз Республикасында жер жана агрардык реформаны тереңдетүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын негизинде жер үлүштөрүн жана жерди пайдалануу укугу боюнча күбөлүктөрдү алышкан.
Кийин аталган жердин ээлеринин көпчүлүгү ар кандай себептер менен чет өлкөлөргө көчүп кетишкен же каза болушкан.
«Узак убакыт бою жана айрым мурдагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шалаакылыгынан улам, бул айыл чарба багытындагы жер участоктору милдеттүү түрдө муниципалдык же мамлекеттик менчикке алуу тартиби сакталбастан, мыйзамсыз түрдө 49 жылга «Шабдан-Ата» ишканасына ижарага берилген. Кийинчерээк бул компания жерлерди кайрадан «Бишкеквинком» ЖЧКсына сатып жиберген, анын негиздөөчүсү мурда «АЮ Холдинг» ассоциациясынын президенти Ш.Абдыкеримов болгон»,- деп айтылат маалыматта.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогоруда аталган 307 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлгөн.