Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Аламүдүндө тапанча, ок-дары сакталган жай табылды
12.09.2024 | 17:44
Чүй облусунун Аламүдүн районунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жашыруун жерден Ф-1–1 гранатасы, болжолдуу түрдө “Браунинг 1900” (эски) үлгүсүндөгү тапанча, МР 371 үлгүсүндөгү сигналдык тапанча, патрондор (7,62 мм калибр – 26 даана, 7,62 х 54 – 2 даана, 5,45 мм – 81 даана, 9,18 – 17 даана) жана Калашников автоматынын окчонтою табылган.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, табылып алынган курал-жарактар жана ок-дарылар баллистикалык экспертиза жүргүзүү үчүн Соттук-эксперттик кызматына жөнөтүлгөн.