Алматыда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 77 килограмм салмакта кыргызстандык Ренат Ильяз уулу коло медал тагынды. Мелдештин түз эфирин Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтынан көрсө болот.
Үчүнчү орун үчүн болгон күрөштө Грузиянын спортчусунан 9:0 эсебинде утту.
Бүгүн, 3-июнь күнү, кыргызстандыктар Айпери Медет кызы менен Акжол Махмудов алтын үчүн, Калидин Асикеев коло үчүн беттешет.
Эртең эркин күрөшчүлөр үчүе мелдеш уланат.