Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп кайрадан дайындалды

09.04.2026 | 16:42

Президент Садыр Жапаров Алмазбек Акматовду Эсептөө палатасынын төрагасы кызматына кайрадан дайындады. Бул тууралуу 9-апрелде президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Акматов буга чейин аталган кызматты 2021-жылдын апрелинен 2026-жылдын апрелине чейин аркалап келген. «Эсептөө палатасы жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык, төраганын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 5 жылды түзөт.

Ошондой эле мыйзамга ылайык, мамлекет башчысы төраганы Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган аудиторлордун ичинен дайындайт.

11-мартта парламент Эсептөө палатасынын аудиторлорунун санын 9дан 3кө чейин кыскартуу тууралуу мыйзам кабыл алган. Ал эми кечээ, 8-апрелде, Жогорку Кеңеш үч аудиторду шайланды:

  • Алимжан Байгазаков — президенттин сунушу менен;
  • Алмазбек Акматов — «Ынтымак-Мекенчил» депутаттык тобунун сунушу менен;
  • Зарылбек Сатаев — «Ишеним» депутаттык тобунун сунушу менен.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында аталган талапкерлер аудитор болуп шайланып, парламентте ант беришти.

Scroll to Top