Алмазбек Атамбаев №47 түзөтүү абагына которулду

Алмазбек Атамбаев №47 түзөтүү абагына которулду

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев №47 түзөтүү абагына которулду. Бул тууралуу “Репортёрго” жактоочу Замир Жоошев кабарлады.

Анын айтымында, Атамбаев 27-октябрь күнү которулган.

“Атамбаев абактын шарттарына нааразылыгы жок экенин айтты, ачкачылыгын дагы токтотту. Эми анын №47 абакта канча убак болору азырынча белгисиз”, – деди жактоочу.

Мурдагы президент Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына 26-октябрда которулган.

Анын жактоочусу Замир Жоошев Атамбаев абактын жертөлөсүндөгү шарттары начар камерага киргизилгенин, ачкачылык жарыялап, абалы начарлаганын айткан

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинин негизинде быйыл 11 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле ал Кой-Таш окуялары боюнча соттолууда.

Быйыл 6-октябрга караган түнкү башаламандыкта ал тарапкерлери тарабынан абактан бошотулуп, 10-октябрда кайра кармалган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>