Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча айып тагылды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында¸Атамбаевге КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган») боюнча айыпталууда. Ишти Башкы прокуратуранын тергөө кызматы иликтөөдө.
Алмазбек Атамбаев 2019-жылы кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ал 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. Бул өкүмдү Жогорку сот быйыл март айында күчүндө калтырган.
Ошондой эле, 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча Роза Отунбаева дагы суракка чакырылганы да маалымдалган.