Алтынбек Сулайманов, “Бир Бол”, №13: “Элге тандоо укугун кайтарабыз” 

Алтынбек Сулайманов, “Бир Бол”, №13: “Элге тандоо укугун кайтарабыз” 

“Парламентке билимдүү эле эмес, элеттин жашоосун түшүнгөн жарандар барганда гана жыйынтык чыгат. Бийликти элге кайтарып берүү — “Бир Бол” партиясынын негизги максаты”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Токтогул районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди.

“30 жылдан бери бийлик өкүлдөрү өз ара тирешүү менен алек. Мамлекеттин башкаруу системасы туура эмес калыптанып, бир ууч адамга гана кызмат кылууда. Бийликти жаңыча ойлонгон, билимдүү, эрки, духу бар жаштарга өткөрүп берүү убакыты келди. Мындай кадамга баруу үчүн шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизип, преференциалдык добуш берүүнү киргизүү зарыл”,- деди А.Сулайманов.

Преференциалдык добуш берүү аркылуу шайлоочу бир гана партияны эмес, партиянын тизмесиндеги белгилүү бир талапкерди тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Көпчүлүк депутат болгон адамдар партиянын тизмеси менен келген, алардын билимине, жеке дараметине көңүл бурулбай жатат. Натыйжада мамлекетти башкарууга, мыйзам жазууга сабатсыз депутаттардын келишине шарт түзүүдө. Депутат деген бир кесиптин ээси эмес, ар бир аймактын, тармактын мыктылары болуш керек. Ошондо гана партиянын тизмесиндеги белгилүү талапкерди тандоо жеңил болот.

[su_image_carousel source=»media: 42006,42007,42008″ crop=»none» autoplay=»4″]

Ошондой эле Алтынбек Сулайманов өлкө бүгүнкү күндө заманбап, технологияны жакшы билген, чет өлкөлөр менен карым-катнаш түзүүгө деңгээли жеткен уул-кыздарга муктаж экенин баса белгиледи.

“Бир Бол” №13 — Жаратман күч!

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 28-сентябрь, 2020-жыл.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>