«Альянс Алтын» ишканасы Талас облусуна медициналык коргонуучу каражаттарды берди

«Альянс Алтын» ишканасы Талас облусуна медициналык коргонуучу каражаттарды берди

Бүгүн, 17-апрелде Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү «Альянс Алтын» ишканасы берген гуманитардык жардамдарды кабыл алды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жардамдар коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн берилди.

Анын ичинде: 7 медициналык электрондук термометр, 1 миң марлиден тигилген беткап, 100 респиратор жана 100 коргонуучу костюм тапшырылды.
Компания бул иштерди акционерлер бөлгөн 16 миллион сом каражаттын негизинде ишке ашырууда.
Бир ай ичинде «Альянс Алтындын» өкүлдөрү Талас облусуна азык-түлүк жана медициналык каражаттарды гуманитардык жардам катары айтылган даректерге жеткирип, тапшырып берди.

[su_carousel source=»media: 26597,26598,26594,26597″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>