Саламаттыкты сактоо министрилиги мамлекеттик дарыканаларды 1-январга чейин ачат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоонуу комитетинин жыйынында мекеменин жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Ал өндүрүшчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи. Мамлекеттик дарыканада баалар бир топко арзан болот.
«Өндүрүштөн түз сатып алып, дары-дармектин баасына 5 пайыз гана кошулат», — дейт ал.
Белгилей кетсек, «Кыргыз фармация» ишканасынын карамагында 35 мамлекеттик дарыкана ачылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз