Американын «катуу» күчү: Батыш жарым шарындагы жаңы тартиптин контурлары

09.01.2026 | 15:10

АКШнын куралдуу күчтөрүнүн элиталык бөлүктөрү тарабынан Боливариандык Венесуэла Республикасынын лидерин күч колдонуп кармап кетүү менен байланышкан окуялар — эл аралык укуктун принциптери менен механизмдерине караганда «күчтүүнүн укугу» жогору турарын биротоло бекитти. Вашингтондун бул орой (бирок америкалык тышкы саясий тажрыйба үчүн биринчи жолку эмес) жоругу өзүнүн геосаясий «канатынын астындагы» (таасир этүү чөйрөсүндөгү) өлкөлөргө өз тартибин күч менен таңуулоого даяр экенин айгинелейт. Муну менен глобалдык саясатка коркутуп-үркүтүү жана Батыш жарым шарын толук көзөмөлдөө менен коштолгон компромисссиз күч соккусунун модели киргизилип жатат.


Николас Мадурону жана анын жубайын уурдап кетип, андан соң АКШда сот жообуна тартууну Штаттардын азыркы жетекчилиги «адилеттиктин салтанаты» жана Латын Америкасынын каарына калган лидерине карата татыктуу жаза катары көрсөтүүдө. Бул кадамдын ички саясий мааниси да чоң. Республикачыл-трамписттердин электораты өз лидерлеринин чечкиндүүлүгүнө жана шайлоо алдындагы убадаларын аткара аларына, тагыраагы, «венесуэлалык башкаруучу чөйрөлөрдүн баңгитеррорчулукту калкалоосун токтотуу» ниетин иш жүзүндө далилдей аларына күбө болушту. Дональд Трамптын каршылаштары (биринчи кезекте солчул жана солчул-либералдык күчтөр) президенттин оңчул жана радикалдуу оңчул чөйрөдөгү рейтингинин кескин өсүшүнө туш болуп, жакынкы келечекте аны тизгиндөөчү таасирдүү куралдардан кур калышты.


Маалыматтык таасири жагынан болуп көрбөгөндөй масштабдуу «Түн ортосундагы балка» атайын операциясын (Мадурону колго түшүрүүнү Трамп өзү ушундай атаган) коштогон глобалдык белгилерге токтолсок, Вашингтон Латын Америкасындагы экономикалык жана саясий таасирге талапкерлердин баарына ачык эскертүү жөнөттү. Америка континенттери жана ага чектеш аймактар Ак үйдүн гана эрежелери иштей турган зона деп жарыяланып, сырттан кийлигишүү аракеттери АКШнын стратегиялык кызыкчылыктарына кол салуу катары бааланат. Бул биринчи кезекте Кытай, Россия жана Евробиримдик мамлекеттери сыяктуу оюнчулардын энергетикалык жана мунай кызыкчылыктарына тиешелүү.

Венесуэланын мунай кендери де-факто (иш жүзүндө) Американын менчиги деп жарыяланды. Бул мурда Каракас менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөгөн Shell жана BP компанияларынын пландарын чийип, ошондой эле Eni компаниясын өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасынан сүрүп чыгарышы толук ыктымал.
Жалпысынан Кошмо Штаттар өз аракеттери менен Батыш жарым шарындагы талашсыз өкүмзордугун (диктатын) так белгилеп, «геосаясий найзасынын» учун экономикалык жана саясий багыттагы түз дагы, потенциалдуу дагы атаандаштарына карай бурду. Ушул фондо Евробиримдиктин стратегиялык кызыкчылыктар зонасына басым жасоо тенденциясы даана байкалууда: Трамптын айланасындагылар, дегеле анын өзү да Гренландия багытына барган сайын көбүрөөк көңүл бурушууда. Аралды куралдуу жол менен басып алуу жана Дания менен түз жаңжалдашуу күмөн жаратканы менен, Копенгаген менен мамилелердин кескин начарлашы дээрлик качып кутулгус көрүнүшкө айланууда.


Дастан Токольдошев

Scroll to Top