Анарбек Калматов Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болду

Анарбек Калматов Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болду

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Анарбек Калматов дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Баратов президентке караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы ээлеген кызматынан бошотулган.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары рангындагы бул кызматты Курманбек Дыйканбаев аркалап келген. Ал 24-ноябрда УКМК тарабынан кармалгандан кийин бүгүн, 27-ноябрда кызматынан бошотулду.

УКМКнын маалыматына караганда, ал октябрдагы парламенттик шайлоо учурунда кайсы бир саясий партиянын кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин коркутуп 7 млн сомдон ашык каражат алып, акчаны шайлоо өнөктүгүндө көп добуш алууга жумшаган.

Биринчи май райондук соту кабыл алганын чечимге ылайык,  Курманбек Дыйканбаев эки айга УКМКнын тергөө абыгана камалды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>