Антикиного алып кирген. Караколдо эки жигит баңгизат менен кармалды

12.11.2025 | 11:50

Каракол шаарындагы антикинолордун биринде 19 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 9-сентябрында Каракол шаардык милициясынын кызматкерлери “Өспүрүм” аттуу рейддин жүрүшүндө аталган шаарда жайгашкан антикинону текшеришкен.

Текшерүү маалында 19 жаштагы М.М. аттуу Каракол шаарынын тургунунан сырткы көрүнүшү боюнча кара куурайга окшош зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгында алынган зат марихуана экени, таза салмагы 74 граммды түзөрү аныкталган.

Тергөөдө аталган жаран Каракол шаарынын жогору жагында жайгашкан Таш-Кыя айылындагы тоо этегинен жапайы өскөн кара куурайды жыйнаганы аныкталган. 9-сентябрда болжол менен саат 22:00дө ал кара куурайды антикиного алып келип, аны 19 жаштагы таанышы Н.Ч. менен бирге колдонууну көздөгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери аяктап, кылмыш ишинин материалдары сотко өткөрүлгөн.

Scroll to Top