Кечээ, 19-майда Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы Кулиев көчөсү жана Чүй проспектисинде, ошондой эле Ош базарынын айланасындагы башаламан соодага каршы рейд жүргүздү. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, рейд узак убакыт бою антисанитардык шарттарда, коомдук көрктөндүрүү эрежелерин жана мыйзамдарын бузуу менен башаламан соода жүрүп жаткан аймактарда жүргүзүлгөн.
«Соодагерлерге жайларды бошотуу боюнча алдын ала эскертүү берилген. Шаар тургундары жерди өз ыктыяры менен бошотуу үчүн буга чейин бир ай убакыт сурашканы менен, алардын кайрылуусунан бери эки айдан ашык убакыт өттү. Тазалоо иштерине карабастан, айрым соодагерлер кайрадан уруксат берилбеген жерде соода кылууга аракет кылышкан»,- деп айтылат маалыматта.
Рейд учурунда башалам соода кылгандарга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протоколдор түзүлгөн.