Арстан Алай: Садыр Жапаров президент болбойт

Арстан Алай: Садыр Жапаров президент болбойт

Бүгүн, 17-ноябрда Президенттикке талапкер, «Арстан Алай”  деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев маалымат жыйын өткөрдү.

Анын жүрүшүндө келерки президенттик шайлоодо негизги талапкер катары сыпааталып жаткан Садыр Жапаровдун утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу үн катты.

“Мен кечээ көрдүм, Садыр Жапаров президент болбойт. Периштелер талашып жатышат, бирөө болсун десе, экинчиси биздин ишке жолтоо болот деп жатат. Андыктан Жапаров ажо болбойт”, — деди Абдылдаев.

Арстанбек Абдылдаев коомчулукка бир нече талаштуу сөздөрү менен белгилүү. Алардын негизгилеринин бири “Кыш болбойт” деп 2011-жылы айтканы, бирок ага карабай кыш болуп калып, кызуу талкуу болгон.

2019-жылы август айында өзүн “Кудай” атап, “аалам аны 2020-жылдын президенти кылып дайындаганын” билдирген. Мындан улам Бишкек ШИИБи ага карата “Этникалык, улуттук жана диний кастыкты козутуу” беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган, бирок анын иши өткөн жылдын 31-декабрында кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган.

Мындан сырткары пандемия башталганда, ал Кытайга коронавирусту “жибергенин” айткан. Мунун себебин Кытай Кыргызстандын карызын кечирбегени менен түшүндүргөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>