Арстан Алайдын «Кудаймын» деген сөзү экспертизага берилди (видео)

Арстан Алайдын «Кудаймын» деген сөзү экспертизага берилди (видео)

Бүгүн 16-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралууда.

Жыйында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төргагасы Зайырбек Эргешов депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Депутат Улукбек Ормонов Эргешовко кайрылып, теңирчилердин бүгүнкү күндөгү жүргүзүп жаткан ишмердигин сурады.

“Теңрчилер бүгүнкү күндө кудаймын деп кыйкырып жүрүшөт, эгер алар дин катары катталбаса анда кандай жазага тартылды?”, — деди ал.

Депутаттын суроосуна жооп берген Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов, теңирчилер мыйзам боюнча жоопко тартылбашын айтып, алардын айткан сөздөрү улут аралык кастыкты козутууга жана экстремистик маанайга кирбейт деди.

Ал эми Зайырбек Эргешов Кудаймын деп айткан адамдын сөздөрү экспертизага жөнөтүлгөнүн, анын жыйынтыгы менен чара көрүлөрүн белгилеп өттү.

Белгилей кетсек, коомчулукка «зима не будет» деген сөзү менен таанымал болгон Арстан Алай (Арстанбек Абдылдаев) жергиликтүү телеканал аркылуу өзүн кудай катары сыпаттап келет.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>