Премьер-министрдин м.а., биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Нарын облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.
Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчынын м.а. «Торугарт-Автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши, ошондой эле бир катар инфраструктуралык жана социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышат.