Ашхабадда Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президенти жолугушту

12.12.2025 | 09:30

11-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Ашхабад шаарындагы иш сапарынын алкагында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолукту.

Өлкө башчылар кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде энергетикалык кызматташтыкты талкуулашты.

Президент Сердар Бердымухамедов Түркмөнстан кылымдар бою келе жаткан достук байланыштарга, маданияттардын окшоштугуна жана өз ара сый-урматка негизделген Кыргызстан менен болгон өнөктөштүктү бекемдөөгө чоң маани берерин баса белгиледи. Ошондой эле өз ара кызыкчылыкты туудурган мамилелерди мындан ары да чыңдоого түркмөн тарап даяр экендигин ырастады.

Өз кезегинде Садыр Жапаров кыргыз элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан президентти жана бүткүл түркмөн элин тарыхый даталар: Эл аралык тынчтык жана ишеним жылы жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы президент Сердар Бердымухамедовду келерки жылы өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышууга, ошондой эле 6-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ардактуу конок катары келүүгө чакырды.

Ошондой эле Садыр Жапаров транспорттук-логистикалык тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу айтып өткөн.

Scroll to Top