Аскерлердин азык-түлүктөрүн уурдаган прапорщик кармалды

Аскер кызматкерлери үчүн бөлүнгөн азык-түлүктөрдү уурдоо фактысы аныкталып, жооптуу кызматкер кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Аскердик прокуратурасы жана ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө, аскер бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөгөн азык-түлүк кампасынын начальниги, прапорщик С.К.А. кармалган.
Тергөөдө аныкталгандай, прапорщик С.К.А. аскерлер үчүн бөлүнгөн азык-түлүктөрдү — колбаса, макарон, күрүч, туз, шекер, май жана башка продукцияларды — системалуу түрдө өзүнө ыйгарып, базарларда арзан баада мыйзамсыз сатып келген.
Ал кезектеги мыйзамсыз сатуу учурунда кармалган.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда. Тергөөнүн жүрүшүндө башка кызмат адамдарынын да бул ишке тиешеси бар-жогу такталууда.