«Asman Airlines» ишканасына эки Airbus A321 учагы сатып алынат

05.03.2026 | 12:44

«Asman Airlines» мамлекеттик ишканасы үчүн эки даана Airbus A321 жүргүнчү ташуучу учагы сатып алынат. Бул боюнча «Кыргызстан аэропорттору» ААК менен европалык «Airbus» авиакуруу корпорациясы келишимге кол коюшту.

Airbus A321 учактары орто аралыкка учуучу аба кемелеринин катарына кирет. Алардын сыйымдуулугу 180ден 200 жүргүнчүгө чейин жетип, учуу аралыгы 6 миң чакырымды түзөт. Учактар күйүүчү майды үнөмдөөчү системалар жана коопсуздук технологиялары менен жабдылган.

Кол коюу иш-чарасына өкмөт башчы Адылбек Касымалиев, «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов, Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов, «Airbus» компаниясынын президенти Йохан Пелисье жана «BBAM Aircraft Leasing & Management» компаниясынын улук вице-президенти Морис Прендергаст катышты.

Бул келишим авиапаркты жаңылоо жана кеңейтүү программасынын биринчи этабы болуп саналат. «Кыргызстан аэропорттору» ААК алдыдагы беш жылдын ичинде «Asman Airlines» үчүн аталган типтеги жалпы 10 учак сатып алууну пландаштырууда.

“Жаңы учактардын ишке киргизилиши авиакомпанияга КМШ өлкөлөрүнө, Жакынкы Чыгышка жана Европага каттамдарды ачууга мүмкүндүк берет. Бул кадам авиация тармагын өнүктүрүү жана өлкөнүн эл аралык авиациялык рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча мамлекеттик стратегиянын алкагында ишке ашырылууда”,- деп билдирди «Кыргызстан аэропорттору».

Scroll to Top