Асрандиев: Бардык социалдык төлөмдөр, пенсия жана жөлөк пулдар убагында берилет

Асрандиев: Бардык социалдык төлөмдөр, пенсия жана жөлөк пулдар убагында берилет

Бардык социалдык төлөмдөр, пенсия жана жөлөк пулдар убагында берилет. Мындай билдирүүнү кечээ, 11-июлда Өкмөт үйүндө өткөн онлайн-брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

«Мамлекеттик бюджеттин кырдаалы оор болгонуна карабастан, социалдык милдеттерди өз убагында аткаруу үчүн күн сайын күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Өкмөт пенсия, жөлөк пул жана мамлекеттик органдардын айлык акыларын өз учурунда берип жатат жана мындан ары дагы бул иштер өз убагында төлөнүп берилет”, — деди Асрандиев.

Эркин Асрандиевдин айтуусу боюнча, жыл башынан берки беш айда бюджетке 14 млрд сом түшпөй калганын белгилеп, ишкерлерди салыктан бошотуу мындан да көп жоготууларга алып келет. Өкмөт ишкерлерге жеңилдетилген тартипте каржылоо аркылуу колдоо көрсөтүүнү чечти. Ишкерлерди каржылоо программасы 22-25-июндан тарта ишке кирет. Учурда ага катышуучу банктарды аныктоо процесси жүрүп жатат.

«Июль-августта бул кризистен бара-бара кайра калыбына келип жатканыбыз көрүнөт жана, албетте, бюджет тийиштүү түрдө оңдолот. Мында оңдоолор биздин экономикалык көрсөткүчтөрүбүз өнүгө турган сценарийлерден көз каранды болот», — деп белгиледи вице-премьер.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>