Ат-Башыдагы Көл-Суу туристтик жайына барчу жол оңдолуп, электр жарыгы тартылат

Нарын облусунун башчысы Нурбек Сатаров Ат-Башы районундагы Кел-Суу туристтик жайына барып, абал менен таанышып, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, иш сапарда ишкерлер жолду оңдоо жана электр жарыгын тартуу маселелерин көтөрүштү. Облус башчысы Ак-Сай өрөөнү үчүн атайын техника алынганын, жолду мезгил-мезгили менен сүрүп-тегиздөө иштеринин жүрүп жатканын, ошондой эле электр чубалгыларын тартуу боюнча иштер башталарын билдирди.
Сатаров ошондой эле туристтердин саны жыл сайын көбөйүп жатканын эске салды жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи. Ал райондук жетекчилерге Кел-Суу аймагынын башкы планын даярдоо, ишкерлерге унаа токтотуучу жайларды уюштуруу, айлананы ирээтке келтирүү, техникалык коопсуздукту сактоо жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча тапшырмалар берди.