«Ата Мекен» премьер-министр кызматына Эльдар Абакировду сунуштады

«Ата Мекен» премьер-министр кызматына Эльдар Абакировду сунуштады

«Ата Мекен» партиясы премьер-министрлик кызмат ордуна альтернативдүү талапкер катары экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакировду сунуштоодо. Бул тууралуу партия Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга кароону сунуштап, билдирүү таратты.

 «Биз коалицияны жана анын айрым мүчөлөрүн Эльдар Абакировду колдоого чакырабыз, анын кризисти жеңүү үчүн жана пандемиядан келип чыккан шоктон кийин Кыргызстандын экономикасын жүргүзүү үчүн өзүнүн программасы бар», — деп айтылат билдирүүдө. 

Ошондой эле кайрылууда партия мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин ишмердүүлүгүн сындап, анын ордуна сунушталып жаткан Кубатбек Боронов өкмөттүн ишин алып кете турган ынанымдуу талапкер эмес экенин белгилейт.

“Азыр, көпчүлүк коалиция Кубатбек Бороновду премьер-министрлик кызматына көрсөтүп, Абылгазиевдин ишин, көркөм сөз менен айтканда, «улантууну» көздөп жатат. Бул кырдаалдын моралдык-этикалык жагы депутаттардын тынчын таптакыр албайт. Бирок Кубатбек Боронов Мухаммедкалый Абылгазиевден кем эмес.
Өкмөттүн катачылыктары, программанын жоктугу, кризистердин алдын-алуу жана кыйынчылыктарга өз убагында жооп бере албагандыгы үчүн жооп берет. Эгерде радио жыштыгынын сатылышы боюнча ишин акыйкат жана бийлик тарабынан кысым көрсөтпөй териштирүүнүн зарылдыгы жөнүндө сөз болуп жатса, анда Боронов бул шарттарды аткара турган гарант эч кандай боло албайт”, — деп айтылат партиянын билдирүүсүндө. 

Белгилей кетсек, 15-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Президент Сооронбай Жээнбеков анын отставкасын кабыл алып, Кубатбек Бороновду өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин премьер-министрдин убактылуу милдетин аткаруучу деп жарлык чыгарган.   

Ошондой эле кечээ, 16-июнда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция Кубатбек Боронов башында турган өзү сунуштаган техникалык өкмөттүн жаңы курамын жактырып, дээрлик бир добуштан колдоп берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>