Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2-мартта баштала турган Кой-Таш окуясы боюнча сотко катышат. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
“Атамбаев сотко катышуу тууралуу ниетин билдирип, мыйзамсыздыкка жана укук бузууларга каршы чыккан тарапкерлеринин жанында болорун айтты”, — деп жазган Жолдубаева.
Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча тергелип бүткөн иш менен таанышкан соң, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөргөн. Райондук сот алгачкы отурумду 2-мартка белгилеген.
Бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган, Кой-Таш окуясы боюнча 14 адамга расмий айып коюлган.