Атамбаев Путин менен жолукту

Атамбаев Путин менен жолукту

Орусиянын президенти Владимир Путин экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жолукканын журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.  Бул тууралуу Риа Новости жазды.

Малыматка караганда, Путин менен Атамбаев Кыргызстандагы ички абалды талкуулаган.

“Менин позициям белгилүү. Бул тууралуу ага (Атамбаевке- ред.) да айттым. Кыргызстан биздин өнөктөш жана жакын өлкө. Бирок башынан эки жолу саясий толкунду өткөрдү. Эми кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн бары токтошу керек», — деди Путин.

Ошону менен бирге Путин Кыргызстан элин учурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековду колдоого чакырды.

“Өлкөгө саясий стабилдүүлүк керек. Бул үчүн эл азыркы президент Сооронбай Жээнбековго жардам бериши зарыл”, — деди ал.

Ошондой эле ал Орусия Кыргызстан менен макулдашкан бардык пландарды ишке  ашырууга кызыктар экенин кошумчалады.

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу Москвага учуп кеткен. Ал сапардын алдына журналисттердин суроосуна жооп берип жатып  25-июлда, кечинде кайра эле Канттагы авиабазага келип конорун айткан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>