«Атаң тарбиялабаптыр». Бишкектин депутаты унаасын мыйзамсыз караңгылатып айдап жүргөн

«Атаң тарбиялабаптыр». Бишкектин депутаты унаасын мыйзамсыз караңгылатып айдап жүргөн

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Казыбек Эргешов машинасынын капталдагы айнегин мыйзамсыз караңгылатып алган. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынын кызматкери Мирлан Таалайбеков билдирип, видеосун жүктөдү.

Казыбек Эргешов аны токтоткон Жол кайгуул кызматкерлерине депутаттык күбөлүгүн көрсөтүп, ага кысым жасаган.

«Сен өзүңдү жарнамалаба, PR менен алектенбе. Бул өтө арзан вариант. Сен эч ким эмессиң, блогерсиң. Мени видеого тартканга укугуң жок. Мен сага айлык төлөйм. Сен адам эмессиң, сага атаң эч тарбия бербептир. Унчукпай иште», — дейт ал.

Carcheck менен текшергенде Казыбек Эргешов айдаган унаанын айнегин караңгылатууга уруксаты жок болуп чыкты. Депутат ага эми уруксат аларын моюнга алды.

Жол кайгуул кызматкерлери протокол түзүп, тонировканы алып салышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>