Атасына арыз жазган: Чүйдө 13 жашар баласын сабаган киши кармалды

Атасына арыз жазган: Чүйдө 13 жашар баласын сабаган киши кармалды

Москва районунда өз баласын ур-токмокко алган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-мартта Москва райондук ички иштер бөлүмүнө Крупский айылынын Октябрь орто мектебинин 6-классынын окуучусу, 2010-жылы туулган Д.К. аттуу бала өз атасы тарабынан ур-токмокко алынгандыгын билдирген.

Аталган факт Москва РИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап, кыйноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда, Д.К. аттуу өспүрүмдүн денесинде жаңы жана эски жаракаттар табылып, ал 1989-жылы туулган Д.З. аттуу өз атасы тарабынан ур-токмокко алынганы, буга чейин да мындай фактылар болуп келгендиги аныкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан изи сууй электе 1989-жылы туулган Д.З. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кылмыш иши боюнча бардык тийиштүү соттук-укутук экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>